Четверг, 14 мая

Катарактасы бар бейтаптарга акысыз операция жасалат

0

18-майдан 27-майга чейин Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда катарактасы бар бейтаптарга 300 акысыз операция жасалат.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришдей, текшерүү жана операция кытайлык офтальмолог-дарыгерлер тарабынан жүргүзүлөт.

Иш-чара «Экспресс-ден соолук – жаркын саякат» эл аралык долбоорунун алкагында уюштурулууда. Долбоордун негизги максаты – катаракта диагнозу коюлган жарандарга жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүү.

Бейтаптарды каттоо 12-майдан 18-майга чейин жүргүзүлөт.

Каттоо убактысы: иш күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин.
Байланыш телефону: 0 (555) 025-171.
Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 1.

Катталуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина барборунан офтальмолог-дарыгердин жолдомосу;
көкүрөк органдарынын рентгенографиясы;
ЭКГ;
кандын жалпы анализи, кандагы канттын анализи, зааранын жалпы анализи;
В жана С гепатиттеринин маркерлери;
64 жашка чейинки бейтаптар үчүн RW анализи;
өздүгүн тастыктаган документтер жана бар болгон күбөлүктөр (пенсиялык, майыптык, “Баатыр эне” жана башка).

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз