Четверг, 14 мая

Темир Сариев Рустам Минниханов менен жолугушту

0

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Казань шаарында Татарстандын раиси Рустам Миннихановдун чет өлкөлүк соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери менен болгон жолугушуусуна катышты.

Платадан билдиришкендей, жолугушуу XVII Эл аралык экономикалык форум – «Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum-2026» алкагында өттү.

Жолугушууда Темир Сариев ислам дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугу ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, соода, инвестиция, өнөр жай кооперациясы жана логистика багыттарында чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

«Бүгүн Соода-өнөр жай палаталары мамлекеттер менен бизнестин ортосундагы натыйжалуу көпүрөгө айланууда. Кыргызстан үчүн эл аралык байланыштарды кеңейтүү, жаңы рынокторго чыгуу жана туруктуу өнөктөштүктү өнүктүрүү абдан маанилүү», – деди Сариев.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын KazanForum-2026 форумуна катышуусу палатанын экономикалык дипломатияны илгерилетүүдөгү жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү активдүү ролун дагы бир жолу тастыктады.

Белгилей кетсек, 27 чет өлкөлүк соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү жана Россиянын аймактарынан келген делегациялар катышып, эл аралык ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү аянтчаларынын бири болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз