Четверг, 14 мая

Кытай менен АКШнын жетекчилери Пекинде жолугушту

0

Бүгүн, 14-майда Пекинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кытайга мамлекеттик сапар менен барган АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушту. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул сапар АКШ президентинин акыркы 9 жыл ичиндеги биринчи сапары жана Дональд Трамптын 2017-жылдан берки экинчи сапары болуп саналууда.

Эки өлкө башчылары эки тараптуу алакага байланышкан маселелерди талкуулоодо. Кытай менен АКШ соода-экономикалык байланыштарды арттырууну да карашты.

Ошондой эле жолугушууда Тайванда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо маанилүүлүгүн белгилешти.

Deutsche Welle АКШ менен Израилдин Иран менен болгон мамилеси Трамп менен Си Цзиньпиндин ортосунда талкуулана турган темалардын бири болот деп жазууда. Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон Ормуз кысыгындагы Ирандын блокадасын алып салууда Кытайдын жардамына үмүттөнөрүн айткан эле.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз