Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жолугушуусунун жыйынтыгында уюмга мүчө-мамлекеттердин жалпы позициясы чагылдырылган протоколго кол коюлду. Бул тууралуу ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев жолугушуунун жыйынтыгында журналисттерге билдирди.
Ал өз сөзүндө, уюмга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын бүгүнкү талкуусунда бардык маселелерди тынчтык жолу, саясий-дипломатиялык ыкмалар аркылуу чечүү зарылдыгы тууралуу бирдиктүү пикир билдирилгенин белгиледи.
“ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жолугушуусу уюмдун 25 жылдык мааракесине туш келди. Бул окуя өзгөчө мааниге ээ, анткени Коопсуздук кеңешинин катчылары жана делегация башчылары уюмдун 25 жыл ичинде басып өткөн жолуна баа берүү мүмкүнчүлүгүн алышты. Алар белгилүү бир жыйынтыктарды чыгарып, коопсуздукту камсыздоо тармагындагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын уюмдагы төрагалыгы астында өтүүдө. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын өтө мазмундуу, активдүү жана системалуу төрагалыгын өзгөчө белгилеп кетким келет. Төрагалыктын алкагында көптөгөн практикалык жана маанилүү сунуштар киргизилип, учурда аларды аткаруу боюнча иштер жүрүп жатат”,- деди Ермекбаев.
ШКУнун Башкы катчысы маалымдагандай, жалпысынан Кыргызстандын төрагалык кылган мезгилинде тармактык механизмдердин жана ар кандай мамлекеттик органдардын жетекчилеринин деңгээлинде 17 расмий жыйын өткөрүү пландалган.
“Коопсуздук кеңешинин катчыларынын бул жолугушуусу 12-иш-чара болуп калды. Ар кандай форумдарды, конференцияларды, фестиваль жана сынактарды эсепке албаганда пландалган расмий жыйындардын үчтөн экиси ишке ашырылды. Бул 21-жолугушууну даярдоодо кыргыз тараптын, анын ичинде Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин аппаратынын чоң эмгегин белгилейм.
Иш-чаранын алдында биз мамлекет башчысы, президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болдук. Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы эл аралык кырдаалда ШКУнун ролу жогорулап жатканы айтылды. Дал ушул аянтчада көз караштар, пикирлер ортого салынып, маанилүү жана актуалдуу маселелерди чечүүдө жалпы мамилелер иштелип чыгууда”, — деп белгиледи ал.
Ермекбаев сөзүнүн жыйынтыгында, ШКУ күч колдонууга ар дайым каршы экендигин жана ошондой эле бардык делегация башчылары эл аралык укуктун, БУУнун ченемдеринин жана принциптеринин сакталышын колдошкондугун кошумчалады.
