Үстүбүздөгү жылдын 24-майында Бишкек шаарында Shoro Taykūlūk Kids Run балдар жарышы өтөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук иш-чара Турдакун Усубалиев атындагы аянтта башталмакчы.
Иш-чарага 3 жаштан 14 жашка чейинки балдар катыша алат:
3-5 жаш — 300 м;
6-8 жаш — 500 м;
9-11 жаш — 1 км;
12-14 жаш — 2 км.
Жарыштын маршруту Абдумомунов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин, ал эми Эркиндик бульвары Абдумомунов көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин созулат. Коопсуздукту туристтик милиция камсыздайт, ал эми мара сызыгында тез жардам кызматы нөөмөттө болот.
