Гонконг аэропорту жарым жартылай иштеп баштады. Бирок кѳптѳгѳн рейсттер токтотулганы тууралуу маалыматтар жазылган. Бул негизинен жергиликтүү ташуучулардын каттамын тиешелүү. Кээ бир саякатчылар бир нече жолу учак менен учууну аракет кылып, бирок уча аблай жатканын маалымдайт.
“Мен үч жолу бул жерден кетүүгѳ аракет жасадым. Баарынан кыйыны, сен ѳзүң бир жерде, сенин чемоданың башка жерде болгону. Мен кийин дагы Гонконгго барамбы күмѳн”,-деди.
Кѳптѳгѳн демонстранттар кѳздүн сүрѳттүн тарткан плакаттарды кѳтѳрүп жүрѳт. Кээ бирлери, атайын бир кѳзүн жаап жүрѳт. Себеби жекшембиде полиция кызматкерлери менен болгон кагылышууда кѳзүнѳ резина огунан жабыркаган кызды колдоо экенин түшүндүрүп жатышты. Ал кыздын кѳзүнѳ резина огу тийген. Кайсы бир маалыматтарды кѳзү кѳрбѳй калганын жарыяланган. Бул Гонконгдо гу кырдаалды курчутуп жатат.