Москвалыктар 17-августта да митингге чыгууга даярданып жатышат.
10-августта Сахаров көчөсүндө митинг уюштургандар 17-августта дагы бир жүрүшкө чыгыш үчүн мэрияга арыз беришти. Бул жолу бийликтен 30 миң адам катышчу тынч митингге уруксат суралган.
Москвалыктар үч жумадан бери шаардык кеңештин шайлоосуна өз алдынча талапкерлердин катышуусуна уруксат берүүнү талап кылып жатышат. Шайлоо 8-сентябрга белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы ар кандай себептер менен оппозициялык маанайдагы талапкерлерди ат салышуудан четтетип койгон.
Алардын арасында «Коррупция менен күрөш фондунун» юристтери Любовь Соболь менен Иван Жданов, саясатчы Илья Яшин, укук коргоочу Андрей Бабушкин бар.
Москва кеңешине шайлоодон четтетилип, 18-августка чейин камакта отурган Илья Яшин Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Элла Памфиловага абактан кат жазган. Саясатчы шайлоодон четтетилгенин билгенден кийин «Твиттерде» тарапташтарын Москванын шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына чогулууга чакырганы үчүн 8-августта соттун чечими менен он күнгө камакка алынган.
«Элла Александровна, өзүңүздү кандай сезип жатасыз? Элдин каалоосун аткарыңыз. Москвалыктарга шайлоо укугун кайтарып бериңиз. Түшүнөм, мындай чечим сизге администрация алдында чоң мүшкүл жаратат. Балким, кызматыңызды да жоготосуз. Бирок мындай чечим үчүн мекендештериңиздин урмат-сыйына татыйсыз», деген ачык катын Яшин социалдык тармактарга жарыялаган.
Ал эми БШКанын башчысы Элла Памфилова Москва шаардык думасына шайлоону жылдырууга же токтотууга «эч кандай негиз жок» деп билдирген.
Буга чейинки митингдерге ар кандай эсеп менен 3 миңден 15 миңге чейин адам катышкан. Анда уруксатсыз митингге чыккандарды ОМОН менен Росгвардия катуу кысымга алып, 2,5 миңдей адам кармалып, айыпка жыгылган. Тергөө комитети кийин «Массалык башаламандык» беренеси боюнча 14 кишиге кылмыш ишин козгогон.
10-августтагы митингге Москванын жетекчилигинен расмий 100 миң адам катышчу иш-чарага уруксат берилген. Ага карабай «ОВД-Инфо» порталы жүрүштө 250дөн ашуун адам кармалганын кабарлады. Москвага тилектештигин билдирип Санкт-Петербург, Ростов-на-Дону, Брянск шаарларында көчөгө чыккандар кармалган.
Көчөгө шайлоо эркиндиги үчүн чыккан москвалыктар эми күч түзүмдөрүнүн мыйзамсыз аракеттерине каршы күрөшкө даярданууда. 10-августтан кийин Интернетте ОМОН менен Росгвардиянын кызматкелеринин анонимдүүлүгүнө каршы петиция түзүлүп, ага 120 миңден ашуун адам кол койгон. Адамдар нааразылык акцияларында тартипти сактоого чыккан күч кызматкерлердин баш кийимине же формасына жеке номуру жазылышын талап кылышууда.
Буга бийлик уруксат берген митингде бет капчан күч кызматкерлери жаш кызды сүйрөп баратып, анын бири кыздын күч менен өзөртө соккон видео Интернетте тарап, коомчулуктун нааразылыгын күчөткөнү түрткү болгон.
Ал эми Кремлдеги аткаминерлер москвалыктардын нааразылык жүрүштөрү үчүн Батышка доомат артууда.
Роскомнадзор мекемеси «Google» корпорациясын «бийлик уруксат бербеген жүрүштөрдү жарнама кылып жатат» деп айыптаган. Мындай доомат Германия өкмөтү тарабынан каржыланган «Deutsche Welle» телерадиокомпаниясына да коюлган.