Четверг, 21 мая

Бүгүн «Салам Ош — 2026» эл аралык туристтик фестивалы өтөт

0

Бүгүн Кара-Суу районунун кооз Беш-Мерген жайлоосунда «Салам Ош — 2026» эл аралык туристтик фестивалы өтөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул фестиваль кыргыздын улуттук нарк-дөөлөттөрүн, кооз жаратылышын, бай маданиятын, кол өнөрчүлүгүн жана даамдуу улуттук тамак-аштарын даңазалаган уникалдуу иш-чара.

Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн чеберчилигинен жаралган кооз буюмдардын көргөзмөсү өтүп, 300дөн ашык комузчу, аткаруучулардын жандуу үнү жана заманбап ыр-бийлер менен коштолгон концерттик программа тартууланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз