Орусия менен Кытай Америка Кошмо Штаттары жана союздаштары тарабынан Арктика ашкере аскерлештирилишине байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Пекиндеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин жарыяланган биргелешкен декларацияда Арктика мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүнө сый көрсөтүүнүн маанисинбаса белгилешти. Эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык координацияны өнүктүрүүгө жана жакшы коңшулук, достук кызматташтыкты тереңдетүүгө басым жасалган декларацияда Арктиканы «тынчтыктын, туруктуулуктун жана аскердик-саясий чыңалуу төмөн аймак» катары сактоо зарылдыгы баса белгиленди. Биргелешкен билдирүүдө: «Тараптар АКШ жана союздаштары тарабынан бийик кеңдиктерди милитаризациялоого байланыштуу тынчсызданууларын билдиришет жана Арктикадагы эл аралык укуктун нормаларына берилгендигин тастыкташат», — деп айтылды.
Декларацияда эл аралык карым — катнаштарда «жунгли мыйзамына» кайтып келүүгө, гегемониялык практикага, бир тараптуу санкцияларга жана эгемендүү мамлекеттердин ички иштерине карата тышкы кийлигишүүгө каршы турууга каршы эскертүүлөр берилген.
Терроризмдин Афганистан жана аймак үчүн олуттуу коркунуч туудуруп жатканы белгиленип, эл аралык коомчулукту терроризмге каршы күрөшүүдө Кабул өкмөтү менен кызматташууну күчөтүүгө чакыруу салынды. Москва менен Пекин Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) сыяктуу көп тараптуу платформалар аркылуу Афганистан маселеси боюнча координацияны күчөтүүгө убада беришти.
