Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа баракчасындагы билдирүүгө ылайык, сүйлөшүүдө Түркия менен АКШнын эки тараптуу мамилелери, ошондой эле аймактык жана глобалдык маселелер талкууланды.
Президент Эрдоган сүйлөшүү учурунда аймактагы жаңжал процессинде ок атышууну токтотууну узартуу чечимин оң жылыш катары эсептегенин, талаштуу маселелерде акылга сыярлык чечимдин мүмкүн экенине ишенгенин жана конструктивдүү демилгелерге колдоо көрсөтүүнү уланта берерин билдирди.
Сирияда туруктуулукту орнотуу бүткүл аймак үчүн маанилүү жетишкендик болгонун баса белгилеген президент Эрдоган Түркиянын Сирияга колдоосу үзгүлтүксүз улана берерин, ошондой эле Ливандагы кырдаалдын начарлашына жол бербөө керектигин айтты.
