Понедельник, 25 мая

Курман айт намазы бул жолу да эски аянтта окулат

0

Бишкекте Курман айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айт намазынын программасы төмөнкүдөй болот:

06:30–07:00 — Куран окуу жана баяндамалар;
07:00–07:25 — куттуктоо жана Курман айттын артыкчылыктары тууралуу баяндоо;
07:25–07:30 — айт намазын окуунун тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
07:30 — айт намазын окуу жана дуба кылуу.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Курман айт майрамы 27-майда белгиленет. Ал эми 26-май — арапа күнү.

Курман айт ислам дининдеги эң улуу майрамдардын бири болуп саналат. Бул күндөр мусулмандардын ынтымагын бекемдеп, боорукерликти, жардамдашууну жана курмандык аркылуу Аллахка жакындоону даңазалайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз