Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги иш-чаралары өтө турган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы жана Кырчын жайлоосундагы инфраструктуралык даярдык иштерин жеринде текшерди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
“Мамлекет башчысы сапардын жүрүшүндө курулуп жаткан айланма жолду жана ички жолдорду оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышып, оюндар өтө турган объектилерди көрүп чыкты.
Ошондой эле мамлекет башчысы Ысык-Көл акваториясын кыдырып, өзүнүн тапшырмасы менен узак убакыттан бери жүргүзүлүп жаткан браконьерликке каршы күрөшүүнүн жыйынтыгына көңүл бурду.
Жетишилген ийгиликтер менен кошо көлго салынган балык торлору, ошондой эле ар кандай таштандылар дагы деле чыгып жаткандыгын баса белгиледи”,-деди ал.
Президенттин маалымат катчысы кошумчалагандай, мамлекет башчысынын бул пландан тышкаркы текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен тийиштүү министрликтерге жана ведомстволорго кошумча тапшырмалар берилет.
