Кыргызстан тарабынан Шанхай өнүктүрүү банкын ачуу сунушталууда. Бул тууралуу финансы министри Руслан Сүйналиев «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиадолбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан ШКУга банктын кеңсеси Бишкекте жайгашуусун да сунуштап жатат..
“ШКУнун өнүктүрүү банкын Кыргызстандын борбору Бишкекте жайгашса деген сунушту да айтып жатабыз. Бул маселе азыр талкууланууда. Вашингтондо Дүйнөлүк банктын жыйынында Кытайдын өкүлдөрү менен да маселени карап чыкканбыз”, — деди министр.
