Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селге байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 25-28-май күндөрү аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
ӨКМ жарандарга сак болууну жана жолдо коопсуздук чараларын алдын алууну эскертет.
