Четверг, 28 мая

Оштогу айт намазга миңден киши катышты

0

Бүгүн Ош шаарынын Борбордук аянтында Курман айт майрамына карата айт намазы окулду.

Шаардык мэриянын билдирүүсүнө ылайык, быйыл Борбордук аянттагы майрамдык намазга катышкандардын саны 15 миңден ашты.

Айт намазга шаар мэри Жанарбек Акаев катышып, калаа тургундарын жана конокторун майрамы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө Курман айттын коомдогу өз ара түшүнүшүүнү, кайрымдуулукту жана ынтымакты чыңдоодогу ордун баса белгилеп, ар бир үй-бүлөгө береке, ал эми өлкөгө туруктуулук менен өсүп-өнүгүү каалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз