Четверг, 28 мая

Чолпон-Атада ШКУнун аймак жетекчилеринин V форуму башталды

0

Бүгүн, 28-майда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форуму жана боордош шаарлардын башчыларынын жолугушуусу башталды.

Форумга экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов жетекчилик кылууда.

Форум ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоо, соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле шаарлар менен аймактардын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.

Иш-чарага Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан, Россия, Тажикстан, Казакстан, Иран, Беларусь, Индия, Пакистан жана ШКУ катчылыгынын расмий делегациялары катышууда.

Форумдун алкагында алар аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, инвестициялык жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, санариптештирүү, туризм, туруктуу өнүгүү жана ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы маданий-гуманитардык алакаларды чыңдоо маселелерин талкуулашат.

Иш-чаранын жыйынтыгында ШКУга мүчө мамлекеттердин шаарлары жана аймактарынын ортосунда кызматташтык тууралуу бир катар меморандумдарга кол коюу күтүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз