Курсан Асанов «милициянын кызыкчылыктарына чыккынчылык кылды» деген негиз менен иштен алынды.
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кызматтан алынышы боюнча өз пикирин билдирди. Ал 7-8-августта Кой-Ташта жана Бишкекте болгон окуялардан улам Кыргызстанда оор кырдаал түзүлгөнүн белгилеп, ИИМдин жеке курамынын жардамы менен алардын алдын алууга болгонун кошумчалаган.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон Кийинчерээк ИИМ Курсан Асанов кайсы аракеттери үчүн кызматтан алынганын тактап, маалымат тараткан.
«Өзүмдүн кызматтык милдетимди аткардым деп ойлойм. Жеке кызыкчылыгымды мамлекеттикинен жогору койгон эмесмин. Мундирдин намысы жана генералдын сөзү мен үчүн абдан маанилүү», — деп айтылат билдирүүдө.
Асанов ошондой эле ага карата айтылып жаткан маселелер чечилерин жана өлкөнүн, өзүнүн ар намысы алдында таза экенин белгилеген.
Ага «кызмат ордун таштап, пиар менен алектенүү үчүн Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип барган» деген айып тагылууда.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Асанов Памирбек Джумалиевич Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.