Орусияда резонанс жараткан видео тарады. Анда бир жаштагы ымыркайды зордоп сууга чѳмүлдүрүп жатканын кѳрүүгѳ болот. Дин кызматчы баланы ыйлаганына карабай күч колдонуп сууга салганын кѳрсѳтүлгѳн.
Кайсы бир убакта ымыркайдын апасы келип, аны токтоотууга аракет жасап, балага абайлап мамиле жасоону суранат. Бирок дин кызматчы аялды түртүп салат. Кийин баланын денесинде кѳгала болгон жана чийилген тактар байкалат.
Баланын апасын бул нерсе аябай ойлондургандыктан милицияга кайрылып, дин кызматчыга арыз жазган. Бул дин кызматчы мурда дагы ушундай зомбулуктарга барганы аныкталды.
Епископ Митрофан Гатчинский ата-энелерге жан тартып дин кызматчынын жүрүш-турушу үчүн кечирим сурады.Ал дин кызматчыны бир жыл аралыгында кызматтан бошотту.
Ошол эле учурда дин кызматчы журналисттерге коркунучтуу эч нерсе жасабаганын, балдар сууга чѳмүлдүрүү учурунда ылаарын билдирди.