Суббота, 6 июня

Бүгүн Бишкекте айрым көчөлөр жабылат

0

Бүгүн, 1-июнда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чараларга байланыштуу Бишкектин борбордук бөлүгүндө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, саат 16:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө кыймыл токтотулат:

* Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;

* Орозбеков көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү.

Убактылуу чектөөлөр борбордук аянтта өтө турган майрамдык иш-чаралардын коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилүүдө.

Мэрия шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү жолдорду пайдаланууга чакырат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз