Вторник, 9 июня

МИКтин үйлөрүнүн сапатына көзөмөл күчөтүлөт

0

Мамлекеттик ипотекалык компания курулуштун кемчиликтери боюнча элдин сын-пикирлери, сунуштарын эске алышы керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы «Асман Резиденс -1» турак жай комплексинин ачылыш аземинде Караколдогу ипотекалык турак жайдын чатырынан суу аккан окуя боюнча айтып жатып билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, курулуш иштерине көзөмөл кескин күчөтүлүп, катуу текшерүүгө алынган.

“Кемчиликтер бар, жок дебейбиз. Баары жипке тизгендей эмес, иштеген жерде кемчилик болбой койбойт. Бирок көч бара-бара түзөлөт да. Албетте, курулуштун кемчиликтери боюнча элдин сын-пикирлери, сунуштары сөзсүз каралат. Болгон кемчиликтери толукталат. Муну Мамлекеттик ипотекалык компания эске алып коюшу керек”, — деди президент.
Ошондой эле Садыр Жапаров көп кабаттуу үйлөрдө жашаган бардык жарандарды үйлөрүнө этият мамиле кылууга жана канализация, суу түтүктөрүн таштанды менен толтурбоого чакырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз