Түндүк Кореянын мамлекеттик KCNA маалымат агенттигинин кабарына ылайык, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Түндүк Кореянын борбору Пхеньянда жыйын өткөрүп, эки өлкөнүн ортосундагы ар кандай тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү чечимин кабыл алышты.
Шейшемби күнү KCNA маалыматына караганда, лидерлер эки тараптуу мамилелерди жаңы этапка көтөрүү боюнча макулдашышты.
Маалыматка ылайык, Ким Сиге Бээжиндин «Бирдиктүү Кытай принцибин» толугу менен колдой турганын, Тайвань кысыгынын эки тарабы тең эл аралык кырдаал кандай өзгөрбөсүн бир өлкөгө таандык экенин айтты.
Жети жылдан кийин биринчи жолу Түндүк Кореяга барган Си болсо Кимге бул сапарды эки тараптуу мамилелерде олуттуу ийгиликтерге жетүү мүмкүнчүлүгү катары карай турганын айтты.
Кабарда ошондой эле эки лидер жогорку даражалуу чиновниктердин сапарлары аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык байланышты тереңдетүүгө макулдашканы баса белгиленди.
Түндүк Кореянын маалымат каражаттары лидерлер Пхеньяндын өзөктүк курал программасын талкуулашканбы же жокпу, бул жөнүндө маалымат беришкен жок.
Кытайдын мамлекеттик Синьхуа агенттиги да дүйшөмбү күнү Си Цзиньпиндин Түндүк Кореяга сапары тууралуу маалымат берди.
