Жакында Австралиянын түштүк-чыгышында кар жаады. Бул чөлкөм үчүн өтө сейрек көрүнүш. Коомдук сайттарда кар кечип оюн салган кенгурулар тартылган тасма, топ жарды.
Жергиликтүү басылмалар өлкөнүн баш калаасы Канберрадагы футбол беттеши бурганактап жааган кар алдында өттү деп жазууда.
Сиднейдин айрым жерлеринде кардан улам жолдор бөгөлүп калды. Ошондой эле өлкөнүн түштүгүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, 10 миң киши жарыгы жок калган. Кээ бир аэропорттор катаал аба ырайынан улам каттамдарын токтотту. Өткөн жылы кышында чыгыш райондору кургакчылыктан жапа чеккен.