Воскресенье, 24 ноября

Жапонияда ысыктан каза болгондордун саны 23

0

Жапониянын баардык аймагындагы сакталган ысктан аз дегенде 23 адам каза болуп, 12,7 миң адам оорканага жеткирилди. Бул тууралуу ѳрт ѳчүрүү кызматы маалымдады.

Статистикалык маалымат боюнча 5-11 августка чейинки убакытта 12751 адам ооруканага жеткирилген. Жабыр тарткандардын кѳбү жапониянын борбор шаарынан. Токиодогу ооруканага 1,46миң, Саитама-977, Осака- 897 адам жеткирилген 

Негизги себеп июнь айындагы ѳтѳ салкын болгон аба ырайынан кийин абдан ысык болгон климаттын таасири. Кээ бир аймактарда абанын температурасы 39 градус ысык болгон.

Адистердин айтымында мындай ысык аба ырайы дагы эки аптага созулат. Ысык аптада сыртка чыгуудан абайлап, муздаткычтарды колдонууну сунушташат.Ошондой эле сууну кѳп ичүүгѳ кеңеш берет.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз