Армениянын расмий маалымат агенттиги Armenpress билдиргендей, 7-июндагы шайлоодо парламентте көпчүлүк добушка ээ болгон Пашинян өкмөттүн жыйынында өлкөсү экспорттук багыттарын диверсификациялоону көздөп жатканын билдирди.
Ушул контекстте Армения-Түркия темир жолунун тез арада ачылышына үмүттөнөрүн айткан Пашинян, мындай деди:
«Ахалкалаки-Карс темир жолунун эки линиясы тең иштеп жатат. Бул теманы Грузиянын премьер-министри менен да талкууладым, ал мага эки багытта тең эч кандай көйгөй болбой турганына ишендирди. Бул темада Түркиянын президенти менен да сүйлөштүм, ал бул линиялар ачык экенин ырастады. Армения-Түркия темир жолу да мүмкүн болушунча тезирээк ачылат деп үмүттөнөбүз».
