Украина маселесинде колдоо көрсөтүүгө даярбыз — Фидан

0

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада жолугушуу өткөрүштү. Фидан менен Лавров Москвадагы делегациялар аралык жолугушуунун алдында журналисттерге билдирүү жасашты.

Түркия менен Орусиянын ортосундагы мамилелер эки өлкөнүн лидерлери тарабынан белгиленген көз карашка ылайык жүргүзүлүп жаткан иштер аркылуу барган сайын институционалдашып, жакшырып баратканын айткан Фидан, Кавказ, Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия жана Африка сыяктуу көптөгөн аймактык маселелер боюнча пикир алмаша турганын баса белгилеп, мындай деп кошумчалады:

«Ушул убакка чейин жасап келгендей эле Түркия Украина маселесин чечүүдө ар кандай колдоо көрсөтүүнү улантат. Түркия ар кандай ортомчулук ролуна салым кошот. Ал колунан келген ортомчулук ролун аткара берет. Анткени уланып жаткан согуш биздин аймактагы туруксуздукту ого бетер күчөтүүдө. Муну мүмкүн болушунча тезирээк токтотуу керек».

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз