Пятница, 26 июня

Орусия менен Румыниянын мамилеси дипломатиялык кризиске кептелди

0

Орусия жооп кайтаруу чараларынын алкагында Румыниянын Санкт-Петербургдагы башкы консулун персона нон грата деп жарыялап, шаардагы Румыниянын консулдук кеңсесин жапканын кабарлады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Румыниянын Москвадагы элчиси Кристиан Истрате бейшемби күнү министрликке чакыртылып, чечим тууралуу маалымат берилгени айтылды.

Билдирүүдө: «25-июнда Румыниянын Орусия Федерациясындагы элчиси Кристиан Истрате Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Ага Румыниянын Санкт-Петербургдагы башкы консулу персона нон грата деп жарыяланганын жана шаардагы Румыниянын консулдук кеңсесинин жабыларын билдирген нота берилди», — делди.

Министрлик бул чечим Бухаресттин Констанцадагы Орусиянын башкы консулдугунун иштөө лицензиясын жокко чыгарганына жана анын башкы дипломатын персона нон грата деп жарыялаганына жооп катары кабыл алынганын баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз