Четверг, 30 июля

Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди

0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди.

“Тамчы” эл аралык аэропортунда Өзбекстандын лидерин президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Өлкө лидерлери мамлекеттик сапардын алкагында бетме-бет форматта жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү пландалган.

Өзбекстандын президентинин бул мамлекеттик сапары достук, ишеним жана өз ара колдоо принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары чыңдоодогу маанилүү этап болмокчу.

Сапардын жыйынтыгында бир катар мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана мекемелер аралык документтерге кол коюу мерчемделген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз