Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Эмомали Рахмон Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Азербайжан жана Борбор Азия мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусуна катышат.
