Вторник, 4 августа

Каза болгон адамдарды өрттөөгө тыюу салынды

0

Президент Садыр Жапаров «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты сөөктү жайга коюу иши чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, расымдык иштерди жана биологиялык объекттерменен иштөөгө байланышкан санитардык-техникалык иш-чараларды ажыратуу болуп эсептелет.

Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:

– кремация жасоого – каза болгон адамдын денесин отко берүүгө (сөөгүн өрттөөгө) мүмкүндүк берүүчү ченемдерди алып салуу;

– маркумдун күлү салынган карапаны көмүүгө жана мүрзөнүн жанына көмүүгө мүмкүндүк берүүчү ченемдерди алып салуу;

– медициналык иштин натыйжасында пайда болгон адамдын органдарын жана ткандарын санитардык термикалык жок кылуудан тышкары, каза болгон адамдардын сөөктөрүн, адамдын боюнан алдырылган же өлүү төрөлгөн түйүлдүктɵрүн өрттөө үчүн крематорийлерди колдонууга тыюу салуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз