Түштүк Кореянын Сеул шаарында тарыхта биринчи жолу аптаптуу ысыкка байланыштуу эң жогорку деңгээлдеги кооптуу абал жарыяланды. Бул тууралуу Казинформ Yonhap агенттигине шилтеме берип кабарлады.
Маалыматка ылайык, эскертүү Сеулдун түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш аймактарындагы 11 районго, анын ичинде Каннам, Сонгпа, Кансо жана Кванак райондоруна жайылтылды.
Мындай деңгээлдеги эскертүү абанын температурасы 38 градус жана андан жогору болгондо, күндүз аба табы 39 градуска жетип же аптаптуу ысык эки күндөн ашык убакытка созулган учурда жарыяланат.
Дүйшөмбү күнү эле Сеулда күндүн ысыгынан 18 адам жабыркаган. Май айынын ортосунан бери ысыктан жабыркагандардын саны 185ке жетип, алардын экөө каза болду.
Шаар бийлиги калкты коргоо чараларын күчөттү. Коммуналдык кызматтар көчөлөргө суу чачып, абанын температурасын төмөндөтүүгө аракеттенүүдө. Ошондой эле улгайган адамдар жана социалдык жактан аялуу жарандар өзгөчө көзөмөлгө алынууда.
Шаар тургундары үчүн 4 миңге жакын аптаптан баш калкалоочу жай даярдалды. Алардын катарына коомдук борборлор, карылар үчүн мекемелер жана социалдык колдоо борборлору кирет.
Буга чейин Түштүк Кореянын түштүк-чыгышындагы Янсан шаарында абанын температурасы 42,5 градуска жетип, бул 1904-жылдан бери Корей жарым аралындагы метеобайкоолордун тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч катары катталган.
