Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта Чолпон-Ата шаарында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүү, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашылды.
Мамлекет башчысы Никол Пашинянды премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктап, армян элинин жыргалчылыгы үчүн жүргүзүп жаткан ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан салттуу достук, өз ара сый-урмат жана орток баалуулуктарга негизделген кыргыз-армян мамилелерин мындан ары да өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал сүйлөшүүлөр эки жактуу кызматташтыкка жаңы дем берип, өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттарын аныктоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Президент эки тараптуу кызматташтыкты иш жүзүндө өркүндөтүү, өз ара сооданын көлөмүн кеңейтүү, өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу зарылдыгына токтолду.
Өз кезегинде Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен президент Садыр Жапаровду куттуктап, бул эл аралык аянтчаларда кызматташтыкты тереңдетүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишеним билдирди.
Ошондой эле ал Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү жетишкен ийгиликтерин белгилеп, өлкөдө инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы жана экономикалык өсүш жогорку темп менен жүрүп жатканын баса көрсөттү.
Анын айтымында, бул жетишкендиктер Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы өз ара сооданы жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жагымдуу шарттарды түзөт. Мындан тышкары, ал Түштүк Кавказ аймагындагы транспорттук байланыштардын жакшырышы эки өлкөнүн ортосундагы сооданын мындан ары өсүшүнө жана экономикалык алакалардын чыңдалышына өбөлгө болорун өзгөчө белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашуулар кыргыз-армян кызматташтыгын достук жана өз ара урматтоо духунда мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзөрүнө ишеним билдиришти.
