Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Wildberries маркетплейсине логистикалык кубаттуулуктарынын жана кампаларынын бир бөлүгүн Кыргызстандын аймагына жайгаштырууну сунуштады.
Палатадан билдиришкендей, ал бул сунушун Кыргыз-Россия ишкерлер кеңешинин жыйынында айтып, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 5 млрд долларга жеткирүү үчүн зарыл болгон негизги шарттарга токтолду.
Темир Сариевдин айтымында, соодадагы көйгөйлөрдү чечүүнүн бир жолу — Кыргызстанда кампалык инфраструктураны өнүктүрүү. Бул тобокелдиктерди диверсификациялоого жана товарлардын бир гана жерде сакталышына көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет.
Маркалоо жана документтерге коюлган талаптардагы айырмачылыктардан улам ишкерлердин кайра-кайра текшерилиши, макулдашылбаган санитардык контроль жана узун кезектер тез бузулуучу товарлардын сапатын жоготууга алып келүүдө.
Мындан тышкары, Сариевдин айтымында, Wildberries компаниясынын Россиядагы кампаларында өзгөчө кырдаалдардын жана өрт окуялары кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн түздөн-түз чыгымдарды жаратат.
“Кампаларды Кыргызстанга жайгаштыруу — бул жөн гана экономикалык маселе эмес, тобокелдиктерди азайтуу. Товар бир гана ири түйүндө сакталбашы керек”, — деп белгиледи палата башчысы.
