Воскресенье, 28 апреля

Гүленчилер Атамбаевди пайдаланып, төңкөрүш жасагысы келгенби?

0

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө жатып алып, ал президент кезде түрмөдөн мыйзамсыз бошотулган  кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Азиз Батукаевдин иши боюнча ИИМдин күбө катары үч ирет чакыруусуна да келбей койгондугу белгилүү. Акыры айласы кеткенде ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук кызматынын атайын бөлүгү Атамбаевди кармоо боюнча операция жүргүзүүгө мажбур болду. Бирок бул операциянын жүрүшүндө жана андан кийинки мурдагы президенттин камакка жана суракка алынган тарапташтарын тергөө учурунда бул жөн гана эки президенттин пикир келишпестиги эмес, бүтүндөй мамлекетибиздин, ал тургай КМШ, ЕАЭБ аймагынын коопсуздугу менен бейпилдигине коркунуч туудура турган көптөгөн опурталдуу жагдайлар ачыкка чыгууда. Болгондо да Атамбаевди пайдалангысы келген үчүнчү күчтөр Кыргызстанда үчүнчү ирет төңкөрүш уюштуруу аракетин жасагандыгы далилденүүдө.

Россиянын президенти Владимир Путин Атамбаевди эмнеге чакырган?

Бул ортодо, мурдагы президент менен азыркы президенттин тирешүүсү күндөн күнгө күч алып, кульминациялык чегине чейин жеткенде коомчулукту дагы бир күтүлүп-күтүлбөгөн жагдай таң калтырды. Ал дүйнөдөгү №1 адам, Россиянын президенти Владимир Путиндин Алмазбек Атамбаевди Москвага чакырып, жеке кабыл алуусу эле. Таң каларлыгы, биринчиден Атамбаев кызматтан түшкөн президент, анын үстүнө өлкөнүн парламенти тарабынан экс-президент макамынан ажырап, чуулгандуу кылмыш ишине аралашкандыгы расмий түрдө айтылбаса да, белги берилип, күбө катары чакырылып жаткан. Ушундай куйругунда калбыры бар адамды иш графиги өтө тыгыз, дүйнөлүк масштабдагы маселелерди чечкен президент кайдагы бир “чыр баш” Атамбаевдин “бытовой” маселеси боюнча Кремлге чакырып атышы чындап эле жомоктун чындыкка айлангандыгындай көрүнүш эле.

Ошентип Атамбаев өзүнүн ат кошчу, шакирттери менен Канттагы Россиянын аскердик базасынан атайын учак менен Москвага учуп кеткенде бул жактагылар ызы-чуу түшүп эле жатып калбадыкпы. Баарынан да ИИМдин үч ирет чакыруусуна барбай койгон адамды күч органдары тоскоолдуксуз Москвага учуруп жиберишпедиби. Ал тургай айрымдар социалдык түйүндөр аркылуу бийликти, президент Сооронбай Жээнбековду сындашып, “Дале болсо бизди Москва башкарат турбайбы…”,- деген сөздөрдү жазышты. 

Ал жолугушуунун алдында президент Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга болгон иш сапарынан кайтып келатып Москвага кайрылып, Путин менен жолуккан болчу. Ошондо эле серепчи-божомолчулар кыргыз-орус мамлекеттеринин башчыларынын чукул жолугушуусу Атамбаев маселесине байланыштуу экендигин айтышкан болчу. 

Путин Атамбаевди кабыл алгандан кийин жалгыз өзү прессага маалымат берип, Кыргызстандын мурдагы президентин кабыл алуусунун себеби – анын айланасындагы иштерге байланыштуу экендигин ишаарат кылып, “Кыргызстан бир эмес, эки ирет революцияны баштан өткөрдү, эми тынчтык гана керек. Мен президент Жээнбековду колдоймун, жалпы кыргызстандыктарды ушуга чакырам…”,- деп кыска айткан болчу. Түшүнгөн адамга бул эки президенттин тирешүүсү өлкөбүздүн аймагынан чыгып, геосаясый көйгөйгө айланып бара жаткандыгынын, ага Путин өзү бекер аралашып, токтотуу аракетин жасагандыгынын далили эле.

Ошол эле узун кулак серепчилердин айтуусунда, Путин Атамбаевди “Болду, токтот, эски досуң менен ынтымакта жаша…”,- деген эскертүү берген экен. Бирок өзүнүн кежирлик адатына салыппы же артында чындап эле чоң күч болгондуктанбы, Атамбаев Москвадан келген соң ого бетер күч алып, Кой-Таштагы үйүн баррикадага айлантып, тырнагына чейин куралданып, тегерегине жалаң аял, кемпир, чал, жаш балдар сыяктуу “тирүү калкандарды” чогултуп алды.

Ал тургай Ак үйгө карай “жортуулга” даярданып, бийликке өзү алып келген эски досун кулатуу аракетин ачык эле айта баштады.

Атамбаевдин артында америкачыл-гүленчилер турганбы?

Дагы бир таң каларлык күтүлбөгөн жагдай, Атамбаев тарапка мурда андан куугунтук жеп, жок эле дегенде каардуу жекирүүсүн уккан Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов, Нурбек Токтакунов сыяктуу америкачыл, ошол жактын грантын алып, ырын ырдаган жана чоорун чордогон  саясатчы, укук коргоочулардын өтүп кеткендиги болду. Көрсө, ар бир саясый акциясы чоң суммадагы АКШ акчасы менен уюштурулуп келген бул НПОчулардын Атамбаев тарапка өтүшү бекер эмес экен.

Себеби 14-августта “Русское агентство новостей” порталы өздөрүнүн атайын иликтөөсүнө таянып, Кыргызстанда төңкөрүш аракети жасалгандыгы тууралуу маалымат таратты. Анда Ян Остроумов деген автордун “АКШ Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш даярдаганбы?” деген макаласында бир топ далилдүү фактылар келтирилген.

Анда “Кыргызстанда төңкөрүш даярдаган БЧБнын (ЦРУ) штаттагы кызматкерлери жана агенттердин тобу аныкталып отурат. Биз журналисттик изилдөө жүргүзүү учурунда топтолгон кишилердин аты-жөндөрүн, маалыматтар менен даректерди жарыялап отурабыз”,- деп жазылган. 

Аталган агенттик андан ары быйыл май айында Бишкекте “The National Endowment For Democracy” (NED) деген аттуу америкалык ӨЭУнүн кызматкерлери Жозеф Белл менен Спаске Гатзинска 2000-жылдын башынан бери штаттагы кызматкер, түстүү революцияларды уюштуруу боюнча Сербия менен Молдовада иштеп, тажрыйба топтошкондугу белгиленген.

Белл 2011-жылдан бери чалгындоо кызматында иштеп, ӨЭУларга жамынып, Борбор Азия мамлекеттеринде бир канча жыл иштеген экен. Андыктан Кыргызстанга жөн-жай келбесе керек. 

Алар Бишкекте быйыл май айында болушуп, өздөрүнүн жергиликтүү ӨЭУлардын жетекчилери жана саясатчылар менен жолугушушкан. Алардын катарында КСДПнын мүчөсү Адил Турдукулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, адвокат Нурбек Токтакунов дегендер болгон. 

Ал эми Адил Турдукулов менен Равшан Жээнбековдор жакында Атамбаевдин тарабына өткөндүгү белгилүү жана алардын бул кадамы бекер болбогондугунун табышмагы эми жандырылууда. 7-8-август күндөрүндөгү күч органдары Кой-Ташта жүргүзгөн операцияда Равшан Жээнбеков ал жерде болуп, кайсы бир деңгээлде кырдаалды көзөмөлгө алып тургандыгы, барымтага алынган жоокерлердин абалын координациялап тургандыгы белгилүү. Эгер ошол төңкөрүш аракети ишке ашып кетсе, Равшан мырза премьер-министр болмок экен. 

Агенттиктин жазганы боюнча, Равшан Жээнбеков менен Адил Турдукулов мындан башка да ар кандай өлкө ичиндеги коомчулукту дүрбөткөн (мисалы, 2018-жылы 8-мартта Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин алдынан башталып, Ак үйгө карай өткөрүлгөн гей-парадка) акцияларга катышып, кыйыр түрдө жетектеп келгендигин кыргыз коомчулугу көрүп-билип эле турабыз. Эгер алардын ушул максаты орундалып, бийлик кулатылса жана өздөрү бийликке жетсе, андан аркы кадамы Кыргызстанды ЕАЭБ, ЖККУ сыяктуу уюмдардан чыгаруу болмок экен. Ушул ар кандай акция, тополоңдордун алдында кыргыз саясатчылары өздөрүнүн АКШлык кураторлору менен тез-тез жолугуп турушкан. 

Кыргыз коомчулугунда саясатчы эмес, адвокат катары көбүрөөк таанылган Нурбек Токтакунов учурда Бишкек ЖЭБи боюнча айып тагылып, абакта отурган экс-премьер-министр Сапар Исаковдун таламын талашып жаткандыгы белгилүү. Демек, булардын тамырын бир түйүн, АКШ менен кызматташуу бириктирип турат. Гүленчилердин уюгу болгон “Сапат” мектебинде билим алган Сапар Исаков өкмөт башчы болгонго чейин эле АКШ элчилиги менен тыгыз кызматташып, ал тургай элчиге отчёт берип тургандыгы коомчулукка жарыяланып кеткен. 

Ал эми премьер-министр кезинде Россия кура турган Жогорку Нарын ГЭС каскаддары тууралуу эки мамлекеттин келишимдерин бир тараптуу жокко чыгарып, бир гана өлкөбүздүн экономикасын ири инвестициядан куржалак калтырбастан, мамлекеттер аралык мамилелерди үзгүлтүккө учураткан. Анын бул аракеттери өзүнүн тымызын башкаруучулары болгон АКШ жана Гүлен тобунун буюртмасы экендиги белгилүү. 

Чындыгында Атамбаев Путиндин эскертүүсүнө, суранычына карабастан азыркы кыргыз бийликке “ва-банк” жасашы жана аны курчап, колдогондордун да америкачыл саясатчылар болуп жатышы, Кыргызстандагы төңкөрүш аракетинин буюртмачысы АКШ жана анын колдоосундагы Гүлен тобунун өлкөбүздөгү тарапташтары экендиги убакыт өткөн сайын ачыкка чыгууда…

Э. Досназаров. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз