Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону дайындоо маселесин 17-сентябрда карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.
Марлен Маматалиев белгилегендей, парламенттин биринчи жыйыны 2-сентябрда өтөт. Анда календарлык план кабыл алынат жана комиттеттердин иши башталат.
“Бул жылдын эң маанилүү окуясы – президенттик шайлоо. Аны Конституция боюнча Жогорку Кеңеш бекитип, токтом чыгарыш керек. Мыйзам боюнча шайлоо 27-январда боло тургандан кийин биз төрт айга жетпеген мөөнөттө 27-сентябрга чейин кабыл алып беришибиз зарыл. Биз он күн эрте 17-сентябрда маселени карап берели деп турабыз. Дагы айтса кетсек, бул сессияда дагы мыйзам долбоорлору каралып, кабыл алынат. Кийинки жылдын бюджетин бекитилет”, — деди парламент төрагасы.
