Вторник, 1 сентября

Көчмөндөр оюндарынын ачылышына кайсыл лидерлер катышты? Тизме

0

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана өнөктөш мамлекеттердин башчылары катышты.

Алардын катарында Мисирдин премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Исса, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана биринчи айымы Мехрибан Алиева, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана биринчи айымы Зироат Мирзиёева, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана биринчи айымы Эмине Эрдоган, Россиянын президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бар.

Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова жогорку даражалуу конокторду тосуп алышып, андан соң биргелешип сүрөткө түшүү аземи өттү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз