Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев социалдык тармактагы баракчасына Талас облусунун жаңыланган көрүнүшү тартылган видео жарыялады.
Кадрлардан шаардагы көрктөндүрүлгөн эс алуу жайлары, борбордук көчөлөр жана түнкү жарыктандырылган аймактар тартылган.
Видео Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө карата жүргүзүлүп жаткан даярдыктарды чагылдырат.
Белгилей кетсек, 11-12-сентябрда аймакта Эгемендүүлүк күнүнө карата масштабдуу майрам өтөт.
