Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кайра жанданган кылмыш ишинин алкагында камакка алынган 80 жаштагы адвокат Али Касымовдун уулу Мурад Касымов коомчулукка билдирүү жасады.
Ал атасына каршы көрсөтмөнү экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов бергенин айтууда.
“Атам Азиз Батукаевдин адвокаты болгон эмес. Болгону 2012-жылы эки жолу анын эжеси Яха Батукаевага консультация берген. Ал инисин ден соолугуна байланыштуу бошотуп алуу боюнча жардам сураган, атам мыйзам чегинде кандай аракеттерди жасаса болоорун айткан”, — деди Мурад Касымов.
Ага удаа Кыргызстандын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин өкүлдөрү кесиптешин коргоп чыгышты. Алар 80 жаштагы жактоочуга кылмыш ишин жүктөө мыйзамсыздык дешет.
Адвокаттар кеңешинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Бабаев коррупцияга аралашуу боюнча айып эмненин негизинде тагылганына айраң таң болуп жатканын айтты. Айтымында, тергөөчүлөр Али Касымов 2012-жылы кайсы бир суммадагы акча алганын, ал Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу экенин билдиришкен.
“Бул болбогон кеп. Адвокат коррупциянын катышуучусу боло албайт. Ага айып тагылса, эң оору – көз боемочулук болушу мүмкүн, бирок коррупция эмес. Кайсы бир күмөн жараткан күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө кантип ишенүүгө болот? Адвокатты кардарынын кылмышына байлаган болбойт” – деди ал.
Адвокаттык коомчулук президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, ушул маселеге көңүл бурушун суранышты.
Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча жалпысынан 18 кылмыш иши ачылды. Алардын башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата ачылган кылмыш иши турат. Андан ары мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов, УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев, мурдагы башпрокурор Аида Салянова, мурдагы судья Жапар Эрматов, Саламаттыкты сактоонун экс-министри Динара Сагинбаева, ЖАМКнын мурдагы башчысы, учурда ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев жана башка жооптуу кызматтарды аркалаган мурдагы аткаминерлер бар.
2013-жылдын апрель айында оор берене менен узак жылга соттолгон мыйзамдагы ууру Азиз Батукаев Нарын түрмөсүндө кармалып жаткан жеринен эркиндикке чыгарылган. Анын айыкпас дартка чалдыгып, аз күндүк өмүрү калганы айтылган. Тийиштүү кызмат жетекчилиги, диагноз койгон дарыгерлер бир ооздон Батукаевдин дарты аныктыгына касам ичишкен. Ошол убакта бул боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок, ар кандай жагдайлардан улам тыкыр иликтенбей бир ордунда токтогон.
Ушул жылдын январь айында Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши кайра жанданды.