Пятница, 22 ноября

Карамушкинага эскертүү берилди

0

7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяда бир адам каза тапты, ал – “Альфа” атайын кызматынын башчысынын орун басары Үсөн Ниязбеков. Андан башка жарадарлар бар, бирок октон көз жумгандар жок.
Саламаттыкты сактоо министрлиги депутат Ирина Карамушкинанын билдирүүсүнө жооп кайтарды.
Депутат Кой-Таштагы окуяда күч түзүмдөрүнүн огунан 24 жаштагы Курманбек уулу Миржан аттуу жигит көз жумганын жазган.
“Кой-Таштагы окуя учурунда 139 адам медициналык жардамга муктаж болушуп, дарыгерлерге кайрылышкан. Алар ар кандай жарааттарды алышкан. Стационардык дарылануу зарыл болгон жарандар ооруканаларга жаткырылган. Учурда Бишкектеги травмотология жана ортопедия илимий-иликтөө борборунда төрт адам дарылануусун улантышууда. Дагы алты адам Улуттук госпиталда жатышат”, — деп билдирди аталган министрлик. Белгиленгендей, жабыркагандардын арасында депутат айткан Курманбек уулу Миржан аттуу жигит кездешпеген.
14-15-август күндөрү окуя болгон жерди дарыгерлер бригадасы кыдырган. Кой-Таш айылында 150, Арашан айылындагы 100 үйгө киришкен. Жашоочулар медициналык жардам алууга муктаж жабырлануучулар жоктугун айтышкан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы Ирина Карамушкинага жалган маалыматтарды таратуудагы жоопкерчилик боюнча эскертүү беришти.
“Ирина Карамушкинанын билдирүүсүн жалган маалыматты таратуу менен коомчулукту адашууга түртүү катары кабыл алууга болот. Маалыматты тактоо үчүн тийиштүү кызматтар бар, алар кыргызстандыктардын ар кандай суроолоруна такталган жооп беришет”, — деп билдирди УКМК.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз