Экс-депутат Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн кыскартып, аминистияга чыгаруу боюнча адвокаты Шарабидин Токтосундов сотко арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде бүгүн, 19-августта сот процесси болду.
Жактоочу Токтосунов Жапаровдун жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүн “КР эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына жана 1016-жылдагы боштондук кыймылынын 100 жылдыгына карата колдонулуучу аминистия тууралуу” Мыйзамынын негизинде алып салууга болоорун айткан. Жалпысынан, жактоочулар экс-депутаттын жаза мөөнөтүн 7,5 жылга чейин кыскартууну суранышкан.
“Амнистия тууралуу акт кошумча талаптарды талап кылбайт (күнөөсүн моюнуна алуу, чыгымды төлөп берүү ж.б.) ”, — дейт Токтосунов.
Сот отуруму башталганда адвокат процесс ачык экенин белгилеп, видеого жана сүрөткө тартууга уруксат берүүнү соттук коллегиядан өтүндү. Ал коомчулук сот ичинде эмне болуп жатканын билиши керек дейт. Дагы бир жактоочу Бактыбек Асамудинов да Токтосуновдун өтүнүчүн колдоду. Ал бул нерсе тарых үчүн керектигин белгиледи.
Ал эми прокурор өтүнүчтөрдү канааттандырбоону соттон суранды.
Соттук коллегия өз кезегинде адвокаттардын да, прокурордун да өтүнүчтөрүн жарым-жартылай канааттандырды. Бул – маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө үн жаздырууга уруксат берилди, а бирок видеого тартууга тыюу салынды.
Адвокат Асамудиновдун айтымында, Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматы (ЖАМК) сотко Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн үч жылга кыскартуучу аминистияга илинүүгө укугу бардыгын, экинчи мыйзам боюнча дагы үч жылы алынып салынаарын көрсөткөн.
Акыр аягында соттук коллегия кеңешме бөлмөсүнө кирип чыгышты. Садыр Жапаровдун өкүмү өзгөртүлгөн жок. Ал баштагыдай эле он жылга эркинен ажыратылган бойдон калды.
2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында “Кумтөрдү” улутташтыруу талабы менен митинг өткөн. Анда Ысык-Көл облусунун ал кездеги губенатору Эмилбек Каптагаев барымтага алынган. Мурдагы губернатор барымтага калганы үчүн Жапаровду айыптаган. Биринчи май райондук соту да митингди уюштуруу, барымтага алуу иштерине Садыр Жапаровду шектүү деп таап, 2017-жылы өкүм чыгарган.
Ал бир нече беренелер менен айыпталган. Кийинчерээк, сот кайра ага тагылган төрт берененин үчөөн – 113 (“Өлтүрүү менен коркутуу”), 341 (“Бийлик өкүлүнө күч колдонуу”) жана 234- (“Бейбаштык) – беренелерин алып таштаган. Бир гана “Барымтага алуу” беренеси боюнча айыптуу деп табылып, 11,6 жылга эркинен ажыратылган.
Кийинчерээк, 2017-жылдын августунда Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровго эч кандай доосу жоктугун айткан. Тосмо арыз да жазган. Бирок, Бишкек шаардык соту ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароодон баш тарткан.
Кийинки инстанциялар да экс-депутаттын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырышкан.
2017-жылдын сентябрь айында саясатчынын 84 жаштагы атасы каза тапкан. Жапаровдун адвокаттары аны атасынын зыйнатына катыштырууну ЖАМКдан суранышкан, бирок оң жооп болгон эмес. Апасы 2019-жылдын март айында кайтыш болгон. Бул сапар бийлик экс-депутатты энесин акыркы сапарга узатууга мүмкүнчүлүк берген.