Бир жарым жылдык “сүргүндөн” кийин Кыргызстанга келип, демин жыйганга аз убакыт болгон Өмүрбек Бабанов сурактарга чакырылып баштады. Ал бүгүн саат 15:00дө УКМКга суракка бараарын аталган мекеме маалымат таратты.
Анда айтылгандай, сурак буга дейре Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарындагы “Амир-Тимур” кичирайонунун эли менен жолугушуп жатканда айткан сөзү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында болот. УКМК Бабанов бул иште күбө катары өтөөрүн да белгиледи.
Кечээ, 19-августта ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматына чакырылган. Беш сааттай сурак берген экс-депутат суроо-жооп “Кыргызстан” коммерциялык банкы тууралуу болгонун айткан. Ал тергөөчүлөр сылык, жумшак мамиле жасаганын да баса белгилеген.
Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон. Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде шайлоочулар менен жолугушуп жүрүп, Оштогу “Амир-Тимур” кичирайонунда сүйлөгөн сөзүн укук коргоо кызматтары “эки элдин ортосуна чагым салуу” катары баалашкан. Ошондой эле, бийликти күч менен басып алууга, массалык башамаландыкты уюштурууга даярдануу боюнча да кине коюлган. Мындан улам, президенттикке талапкер шайлоо күнүнөн кийин Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. Кийинчерээк Москва шаарынан кыргыщз коомчулугуна кайрылган. Ал саясатты жыйыштырганын, саясатка мындан ары такыр аралашпай турганын жар салган.
Быйыл апрель айында Бабанов Кыргызстанга кайтуу ниетин билдирген. Аны тосуп алууга тарапташтары өлкөнүн ар кайсы тарабынан келип, Бишкекке чогулаары да айтыла баштаган. 11-апрелде экс-депутат мекенине кайтууга камылга көргөн чакта “Кыргызстан” коммерциялык банкына байланыштуу кылмыш ишин териштирүү кайрадан жанданганы маалым болгон. Финполиция аталган банктын директорлор кеңешинин жетекчининин орун басары Жаныбек Мырзабековду суракка алган. Коомчулукта Бабановду атайын Кыргызстанга келтирбөөнүн амалын жасап жатышат деген пикирлер да пайда болгон. Айткандай эле, 13-апрелде Бабанов “узак убакыт ойлонуудан кийин Кыргызстанга кайтып барбай турууну чечкенин” жарыялаган жана бул чечимин өлкөгө тынчтык каалаганы менен түшүндүргөн.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди эки күндүк тирешүүдөн соң күч түзүмдөрү кармап, УКМКнын абагына камалгандан кийин Өмүрбек Бабанов бир күндө Кыргызстанда пайда болду. Аны абамайдандан бир катар тарапташтары тосуп алышты. Ошол жерден экс-депутат суракка чакырышса барууга даяр экенин, дайыма мыйзам жолунда жүрөөрүн жар салган.
Бир ирет келүүгө чамынып, бирок акыркы мүнөттөрдө оюнан кайткан саясатчынын капысынан кайтып келиши коомчулукта ар кандай ойго түрттү. “Бийлик менен алдын ала келишип, анан келди”, — деген пикирлер да арбын. Анын Кыргызстанга учуп келе жатканы белгилүү болоору менен УКМК “ага мыйзам чегинде суроолор бардыгын” эске салган. Өзүн эки кылмыш иши “күтүп” турганына карабай мекенине кайтты.
Келгенден бери бир канча убакыт кичи мекени Таласка барып, түлөө өткөрүүлөргө катышкан Бабановду суракка чакыруу эми башталды.