Бул боюнча жана кандай учурда дарыгерге кайрылуу керектигин республикалык балдар ооруканасынын окулист-дарыгери Жыргал Казиев айтып берет.
Көздүн көрүүсү
Бала ата-эненин тыюусу жок болсо, көз майын ашыкча коротуп, көзүнүн көрүүсүн бузуп алышы мүмкүн. Алысты көрө албоо 7 жаштан 9 жашка жана 12ден 14кө чейин тез өөрчүйт. Айрыкча көзүнүн булчуңдары эми гана калыптанып жаткан мектеп жашына чейинки балдардын көзүнө ашыкча күч келтирбегенге аракет жасоо керек.
Көзгө эс алуу керек
Көзүнүн көрүүсү жакшы болгон бала көзүн ар бир 40 мүнөттө эс алдырышы керек. Жазып, окуп, же телефон жана телевизордон мультфильм көрүп жатканда болобу, ортосунда сөзсүз эс алуу болушу кажет. Эс алуу – чуркап, секирип ойногону, таза абага чыгып сейилдегени. Же, терезени карап, көз үчүн гимнастикаларды жасасын.
Иммунитетти көтөрүү
Тез-тезден ооруган балдар алысты көрбөй калуу коркунучуна көбүрөөк кабылышат. Ошондуктан, баланын ден соолугун чыңдоого аракет жасаңыз, организмин бекемдетип, таза абада күнүнө жок дегенде эки сааттан сейилдетиңиз.
Телевизор тиктөөнү азайтуу
Кенже класстын окуучулары компьютер алдында күнүнө 15-20 мүнөт отурса жетиштүү. Жогорку класстын окуучулары 1 сааттан ашык эмес отурса болот. Эгер көбүрөөк убакытка отуруу зарыл болуп калса, анда ар бир 15 мүнөт сайын көздү эс алдырып туруу керек. Ал эми телевизорду тиктөө кенже класстын окуучуларына 30 мүнөт, ал эми жогорку класстагыларга 1 сааттан ашык тынымсыз көрүү сунушталбайт. Телевизор менен баланын ортосунда 2,5 метр аралык болушу зарылдыгын унутпаңыз.
«Поезддин алдына түшүп» чуркабаңыз
Бардык нерсе өз учуру менен болгон жакшы. Ашыкча эле алдыга шашыла берген болбойт – балага 4 жаштан эрте тамга таанытуудан жана 7 жаштан эрте мектепке берүүдөн качыңыз. Анткени, көзгө эрте күч келтирүү бир катар маселелерди жаратат.
Көз дарыгерине кайрылуунун 6 себеби
Күнүмдүк жашоодо баарыбыз эле ар бир ооруга маани бере бербейбиз. Көздүн байкалбай пайда болуп тез эле өөрчүп кеткен оорулары бар. Ал оору канчалык эрте аныкталса, айыктыруу да ошончолук жеңил.
1. Көздүн алдынын чыбырчыкташы
Бул катаракта, глаукома, айнекчелдин, эң ички челинин тамырынын оорусун билдириши мүмкүн. Убагында дарыгерге көрүнбөсө, маселени операциялык жол менен чечүүгө туура келет.
2. Жарыктан жалтайлоо
Ачык түстү, же жарыкты караганда көздүн жалтаңдап кетиши да жөнөкөй белги эмес. Бул инфекциялык оорулардын, суук тийүүнү, же сокку алуунун, ошондой эле глаукоманын баштапкы стадиясынын белгиси болушу ыктымал.
3. Караңгылашуу
Дароо тура калганда көз караңгылашып кетиши мүмкүн. Бирок, ошол эле убакта бул көздүн тордомо челиндеги пайда болгон маселени да кабарлайт. Эгер көздүн караңгылашканы 3 мүнөттөн ашык убакытка созулса, анда дарыгерге кайрылыңыз.
4. Кош көрүнүү
Адам көзүнө көрүнгөн буюмдар кошоктолуп көрүнгөнүн байкаса, аны менен катар басыгы түз болбой, теңселип кетсе, дарыгерге текшерилүүнү кечиктирбегени дурус. Мындай белгилер кан алмашуунун бузулушун, уулануу, склероздун алгачкы стадиясын билдириши мүмкүн.
5. Капысынан көрбөй калу
Капысынан эле көрбөй калып, ал бир-эки саатка созулса, бул көздүн тордомо челиндеги борбордук артериянын тромбозасын белгиси болушу ыктымал. Мындай учурда эч нерсени ойлобой, бардык ишти жыйыштырып салып, көз дарыгерине көрүнүүгө жөнөңүз.