Кыргызстанда жол кырсыктарын алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында авто жүрүштөр жана түшүндүрүү иштери башталды.
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөт.
”Ылдамдык — сенин өмүрүң!” урааны менен уюштурулган авто жүрүшкө тез жардам, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана өрт өчүрүү кызматтарынын атайын унаалары катышууда.
ИИМдин өкүлдөрү жарандарга жол кырсыктарынын себептери жана кесепеттери тууралуу маалымат берип, жол эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты ашырбоого жана жолдо этият болууга чакырышууда.
Ошондой эле видеороликтер көрсөтүлүп, маалыматтык буклеттер таратылып, мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
