ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановго азырынча айып расмий тагыла элек. Анын жактоочусу Икрамидин Айткулов кызматынан кол жуусу да, маанайы абдан жакшы экенин айтууда.
“Аны кайрадан суракка чакырыша элек. Анын үстүнө айып расмий тагыла элек болгондуктан, суракка да күбө катары катышты. Маанайы абдан жакшы, чөккөн, кайгырган жок”, — деди жактоочу.
Ошол эле учурда КСДПнын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева да Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Анын адвокаты Замир Жоошевдин айтымында, азырынча эмне себептен чакырылганы белгисиз. Бирок, аны менен катар адвокат бул чакыруу мурдагы орун басар Курсан Асановдун ишине байланышы болушу мүмкүн деген боджомолду жокко чыгарбайт.
“Курсан Асановдун иши боюнча күбөлөр менен бетме бет коюп суракка алуулары да мүмкүн. Балким, ал башка бир күбө, же шектүүлөрдүн бири, ал турмак Асановдун өзү болушу ыктымал”, — деди Замир Жоошев.
Буга дейре, Аскер прокуратурасы Жолдубаеваны ИИМдин мурдагы орун басарынын Атамбаевдин тарапташтары менен кабар алышып-беришип турганы боюнча шектенүүнүн негизинде бир нече жолу суракка чакырган.
7-августта Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө күч түзүмдөрү барган. Мурдагы президент суракка чакырыкты үч жолу кабыл албагандан кийин мажбурлоо жолу менен алып келүү аргасыздыгы жаралган. Бирок, мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, күч түзүмдөрү менен тарапташтардын ортосунда кагылышуу болгон. Атайын бөлүктүн бир нече жоокерин тарапташтар барымтага алышкандан кийин күч түзүмдөрү кайра артка кайтышкан.
8-августта операция уланган. Бул сапар Атамбаев өз эрки менен колго түшкөн. Аны Курсан Асанов макулдатып, сүйлөшүүлөрү видеого тартылган. Коомчулук Асановдун бул аракетин эрдикке баалап, кан төгүлүүнүн алдын алды дешти.
Бирок, 13-августта ИИМдин башчысынын орун басарынын отставкага кеткени маалым болду. ИИМ аны “милициянын кызыкчылыгын сатканы жана ишенимдин кеткени” деп түшүндүрдү. Ошондой эле, милиция өкүлүнө “өзүн өзү пиарлоо” жарашпай турганын эскертишти. Бул Асанов менен Атамбаевдин сүйлөшүүсүнүн видеосу интернетке тараганына айтылгандай болду.
14-августта Асановго карата кылмыш иши ачылганы ачыкка чыкты. Аны Аскер прокуратурасына суракка чакырышты.
Ал арада баштык темасы талкууга түштү. Айрым маалыматтарга караганда, Атамбаев менен Асановдун сүйлөшүүсү тартылган видеодо экөөнүн бут алдында жаткан кызгылт баштык жөн баштык эмес экен. Анын ичинде акча жана кымбат баалуу буюмдар бардыгы айтылып, анын баарын Асанов алды дешти. КСДП партиясы өз кезегинде баштыкта Атамбаевдин үйүнүн документтери болгонун билдиришти.