Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кайра жанданган кылмыш иши мурдагы аткаминерлердин бир тобун темир тор артына жөнөттү. Ушул ыргак менен кетсе дагы бир катар мурдагы аткаминерлер кылмыш ишинин фигурантына айланышы толук мүмкүн. Алгач лаборант, дарыгерлерден башталган камоо процесси акырындык менен эң бийик чекке – мурдагы президент Атамбаевдин камалышына жетти.
2013-жылы мыйзамдагы уурунун эркиндикке чыгарылышы, ошол кездеги мамлекеттик жооптуу кызматтардын жетекчилиги бир ооздон анын “адвокатына” айланганы коомчулукта негативдүү резонанс жараткан. Ал кездеги президент А. Атамбаев бул окуя боюнча кандайдыр бир пикирин билдирген эмес.
Саясий ишмер Ишенбай Кадырбеков “адатта адам болуп өткөн окуя тезирээк унутулушун каалаганда ал тууралуу ооз ачпайт” дейт.
“Мыйзамдагы уурунун мөөнөтүнөн эрте эркиндикке чыкканы Атамбаевдин эч кандай реакциясын жараткан эмес. Бул шек жарата турган нерсе. Адам адатта бир нерсенин эртерээк унутулушун каалаганда ал жөнүндө кеп кылуудан качат. Экинчиден, Батукаевдин бошотулушуна бири бири менен байланышы жок бир катар мекемелер катышкан. Бул “дирижерсуз” ишке ашмак эмес”, — дейт Ишенбай Кадырбеков.
Атамбаевге каршы көрсөтмөнү мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов бергени маалым. Тергөө кызматташууга макулдугун берген мурдагы вице-премьер-министр бул көрсөтмөсүнөн кийин үй камагына чыгарылган. Жакында экс-башпрокурор Аида Салянова да үй камагына чыгарылды. ИИМ анын тергөө менен кызматташууга макул болгонун жарыялады. Атамбаев камалгандан кийин Салянованын эркиндикке чыгышы эмнени билдирет? Балким, экс-башпрокурор дагы мурдагы президентке каршы көрсөтмө береби?
Ишенбай Кадырбеков Атамбаевди Атахановдун көрсөтмөсүнүн негизинде эле күнөөлөө аздык кылаарын белгилейт. Айтымында, сот объективдүү караса, бир адамдын көрсөтмөсү эч нерсени чечпейт.
“Ошондуктан менимче, тергөөнүн Саляновадан да кошумча тастыктоо алуу каалоосу тергөө процессинде абдан маанилүү элементке айланат. Тергөө кызматтары эмнеге жетишти, Салянованы эмне себептен үй камагына чыгарышты – мен билбейм”, — дейт саясий ишмер.
Оор берене менен айыпталып, узак мөөнөткө эркинен ажыратылган коркунучтуу кылмышкердин бошотулушу – биринчи кезекте мамлекет башчысынын имиджине сокку. Бийликтин бул же тигил мамлекеттик деңгээлдеги окуяга унчукпай коюусу Кыргызстанда кадимки практикага айланган. Резонанстуу окуяга президенттин былк этпегени анын бул ишке катыштыгы бардыгын аныктап турабы?
“Чуулгандуу окуяларга реакциянын жок болушу же адам ага кайдыгер, же жашыруун кармагысы келген жеке кызыкчылы бардыгын айгинелейт. Бирок, чындык өжөр. Эртеби, кечпи ал суу үстүнө калкып чыгат. Батукаевдин окуясы боюнча да ушундай болду. Мурдагы бийлик бул маселедеги катыштыгын канчалык жашырып-жаппасын баары бир ачыкка чыкты. Жакында чындыкты угаарыбызга үмүт кылам”, — деди Кадырбеков.
Атамбаевдин айыбы сотто далилденип, эркинен ажыратуу убагы келип жетсе, коомчулук кандай кабыл алат? Тарапташтары ызы-чуу чыгарып, эки президенттин таламын талашкандар экиге бөлүншпөйбү? Жакында Кой-Ташта болгон окуя бул нерсенин бардыгынан кабар берди. Ушул кезге чейин соцтармактарда провокация жасоодон талыбаган топ жүрөт. Ишенбай Кадырбеков эки адамдын карама каршылыгынан бир бүтүн эл бөлүнбөйт деп ишенет.
“Эл сокур эмес, болуп жаткан окуяларды эски менен жаңынын тиреши катары кабыл алышууда. Андан тышкары, эгер эл кимдир бирөөнүн артынан ээрчисе, анда ишмердүүлүгү бир гана максатка – өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгын коргоого багытталган лидерди тандайт. Атамбаев андай лидер боло алган жок, Жээнбеков азырынча боло элек. Жаралган кырдаалга элдин ар башка пикирди кармануусу – бул табигый көрүнүш”, — деди саясий ишмер.