Пятница, 20 ноября

Суусамырда мектеп күйүп кетти

0

Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылындагы мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу билдирүү бүгүн, 19-ноябрда түшкөн. Аны өчүрүүгө саат 08:48де Жайыл районунан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.

Кошумча күч катары саат 08:55те Жумгал районунан дагы бир өрт өчүрүүчү бөлүм жөнөтүлгөн.

Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, өрт мектептин китепканасынан жана спорт залынан чыккан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз