Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдарын жана гуманитардык жардам жеткирүүгө киргизген чектөөлөрүн сынга алып, аймактагы кырдаалды айыптады.
Шаршемби күнү Анкарада Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) парламенттик тобунун жыйынында сөз сүйлөгөн Эрдоган Газадагы кыргындар, киши өлтүрүүлөр, басмырлоо, обочолонтуу жана ачарчылык дүйнө коомчулугунун көз алдында күн сайын уланып жатканын белгилеген Эрдоган: «Израиль администрациясы дүйнөдөгү эң чоң концлагерге айландырган Газада кыргындар, киши өлтүрүүлөр, басмырлоо, обочолонтуу, ачарчылык жана зомбулуктун башка түрлөрү дээрлик күн сайын бүткүл дүйнөнүн көз алдында уланууда»,- деди.
Эрдоган ошондой эле Израилдин Газага карата жүргүзүп жаткан аскердик аракеттерин жана гуманитардык жардамдын жеткирилишине тоскоолдук жаратып жатканын сынга алды.
Кыш мезгилинин жакындап келатканына байланыштуу Газада ири гуманитардык кырсык болушу мүмкүн экенин эскерткен президент Израилдин чектөөлөрү аймактагы кризисти ого бетер курчутуп жатканын белгиледи.
Палестиналык балдардын оор абалына токтолгон Эрдоган көптөгөн үй-бүлөлөрдүн сууктан коргонууга ылайыктуу баш калкалоочу жайы жок экенин айтты. Анын белгилешинче, Газадагы тургундар суукка жана баткакка карабай, оор шарттарда жан сактоо үчүн күрөшүп жатышат.
