Ноокен районундагы Достук айылында «Кең-Сай» бажы-логистикалык терминалы ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Жалпы аянты 8 гектарды түзгөн терминал бир убакта 420 жүк ташуучу унааны кабыл алууга ылайыкталган. Анын 220 оруну импорттук, 200 оруну экспорттук жүк ташуучу унаалар үчүн каралган.
Комплексте электрондук кезек системасы, таразалоочу аянтча, жүктөрдү кайра жүктөө зонасы, бажы көзөмөлү жайлары жана брокерлер үчүн бөлмөлөр бар.
Жаңы терминал унаалардын кыймылын тартипке келтирип, өткөрүү пунктуна баруучу жолдордогу тыгынды азайтууга жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жүк ташууларды жеңилдетүүгө багытталган.
