Бабанов мыйзам бузду

0

Өмүрбек Бабановдун Lexus LX 570 үлгүсүндөгү B 7700 AA мамлекеттик номердеги автоунаасынын капталдагы терезелери караңгылатылганы үчүн айып салынган токтотуучу жайга алынып кеткени маалым. Бул автоунаасы менен УКМКнын сурагына барган экс-депутат сурактан кайра чыгып айыппулга жыгылган. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери протокол түзүп, саясатчыга 5500 сом өлчөмүндө айыппул салган.
Бабанов өзү бул тууралуу мындай деген:
“Капталдагы терезелер заводдон караңгылатылып чыгарылган. Демек, мен мыйзам бузган жокмун”.
А бирок аталган башкармалык саясатчынын оюна каршы келген билдирүү жасады. Анда айтылгандай, заводдук караңгылатууга да тыюу салынат. Андыктан, Бабанов мыйзам бузган болуп эсептелинип, айыппулду төлөшү керек.
Автоунаа учурда караңгылатылган айнектерин текшерүүгө Экономика министрлигинин стандартизация жана метрология борборуна жеткирилген.
КР өкмөтү автоунаалардын алдыңкы капталындагы айнектерди караңгылатууга 2016-жылы тыюу салган. Мыйзам аталган жылдын 18-июлунда күчүнө кирген. Мыйзамды аткарууну укук коргоо жаатынын башчылары үлгү көрсөтүп башташкан. ИИМдин ал кездеги министри жана Бишкек ШИИБинин башчысы кызматтык автоунааларынын терезесине жабыштырылган кара парданы сыйрышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз