Воскресенье, 19 мая

Аида Салянованын абалы оор

0

Жакында үй камагына чыгарылган Аида Салянова бүгүн ооруканага жаткырылды. Ал Улуттук кардиология борборунун дарыгерлеринин көзөмөлүндө болот.
Сиңдиси Чынара Турдугулованын айтымында, экс-башпрокурордун абалы оор.
“Аны чет өлкөгө алып барып операция жасатууну да ойлондук. Мындай муктаждык бар. Бирок, үй камагына чыгарылгандыктан Кыргызстандын аймагынан чыгуу ага мүмкүн эмес. Аны сот чечиши керек”, — дейт сиңдиси.
Аида Салянова Батукаевдин иши боюнча кармалган. Баш коргоо чарасы жакында үй камагына алмаштырылган.
Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун да акыбалы оордошкону айтылууда. Туугандары тараткан мындай маалыматты УКМК жокко чыгарып, Исаков моюн кан тамырларынын ичкерип кетишинен жабыркап жатканын айткан. Учурда ал ооруканада дарыланууда.
Кыргызстанда буга дейре да ар кандай себептер менен соттолгон мурдагы аткаминерлердин ден соолугу начарлаганы белгилүү. Экс-спикер Ахматбек Келдибеков абакта жаткан маалында бутуна үч жолу операция болгон. Андан кийин үй камагына чыгарылгандан кийин соттун уруксаты менен Германияга барып ден соолугун калыбына келтирген.
Өмүрбек Текебаев абакта отурган эки жыл ичинде бир нече жолу Улуттук кардиология борборунда дарыланды.
Осмонбек Артыкбаевдин да жүрөгү начарлар жүрөк борборунун дарыгерлеринин көмөгүн алган.
Мурат Суталинов бир нече жолу абактан ооруканага которулган. Оор дартка кабылганы аныкталгандан кийин эркиндикке чыгарылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз