Жаңы окуу жылында Кыргызстанда 1-класска 156 миңден ашуун бала барат. Билим беръъ жана илим министрлигинин маалыматына караганда, биринчи класска баруучу окуучулардын саны Жалал-Абад облусунда басымдуулук кылат — 25 миң 257 окуучу. Эң азы Талас облусунда — 10 миң 540.
Чъй облусунда болсо 23,6 мищ бала мектеп босогосун аттайт. Ош облусунда 22 миң 210 окуучу, ал эми Ысык-Көлдө 15 миң 182, Нарында 13 миң 982, Баткенде болсо 11 миң 443 тестиер билим алууга кадам ташташат.
1-класстан 11-класска чейинки республикада жалпы окуучулардын саны 1 миллион 268 миңге жетет.
Шаарларда акыркы беш жылда окуучулардын саны 25 пайызга өстъ, айыл жергесинде 14 пайызга. Учурда аларга 2 мищ 265 билим берүү мекемелери кызмат кылышат.
Быйылкы окуу жылына карата Бишкек мэриясы шаарда жана шаар четиндеги жащы конуштарга алты мектеп куруу ниетин жыл башында билдирген. Бишкектин Тъштък Магистраль району тарапка «Газпром» демөөрчүлүк кылган мектептин курулушу быйыл аяктаары белгиленген. Ал 960 орунга ылайыкталган. Анда балдарын билим алуусун каалаган ата-энелер ай сайын ар бир бала 22 миң сом төлөшү керек. Бул коомчулукта бир топ нааразычылыкты жаратты. Мындан уламбы, жакында ишке берилген мектеп жетекчилиги аз камсыз болгон ъй-бүлөлөрдүн балдарына да квота бөлүнөөрън билдиришти.
Андан сырткары Бишкектеги «Көк-Жар», «Алтын-Ордо», «Ак босого» жащы конуштарына мектеп куруу жыл башында пландалган.